Изилдөө ишинин негизги максаты катары жалпы риториканын изилдөө ишине байланышы бар айрым өзөктүү маселелеринин, ошондой эле кара риториканын негизги стратегиялары менен тактикаларына, принциптерине, манипуляциялык ык-амалдарынына, псевдологикалык технологияларына байланышкан маселелерин кыргыз тилинин факты- материалдарынын негизинде изилдөө саналат. Изилдөөдөн алынган тыянак- натыйжаларды риторика, кеп маданияты, тексттин лингвистикасы, заманбап медиатекст, когнитивдик лингвистика, экспрессивдик синтаксис, коммуника- тивдик синтаксис, көркөм текстке лингвистикалык илик жүргүзүү өңдүү дисциплиналар боюнча лекциялык курстарды жана семинардык сабактарды өтүүдө пайдаланууга болот.