Изилдөөнүн максаты катары кыргыз жана англис тилдериндеги “аял“ концептин репрезентациялоочу жана анын когнитивдик мазмунун түзгөн лексикалык, фразеологиялык жана паремиялык бирдиктерге лингвокогнитология жана лингвомаданият таануу тармактарынын алкагында концептуалдык талдоо жүргүзүү эсептелет. Изилдөө ишинен алынган тыянак-натыйжаларды тектеш жана тектеш эмес тилдердин салыштырма
типологиясы, кыргыз жана англис тилдеринин лексикологиясы жана фразеологиясы, когнитивдик лингвистика, лингвомаданият таануу, психолингвистика, котормонун теориясы жана практикасы, корпустук лингвистика дисциплиналары боюнча лекциялык курстарды, практикалык, семинардык сабактарды өтүүдө колдонууга болот.