Кыргыз Республикасын мамлекеттик чек арасынын коопсуздугун конституциялык-укуктук камсыздоону изилдөө. Диссертациялык изилдөөдө “Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугу” категориясынын маани-маңызы саясий-укуктук жактан негизделди; чек араны коргоого алуу, жалпы улуттук жана чек араларга чектеш аймактарда жашаган элдердин кызыкчылыктары өз ара салыштырылды, аларды аныктоонун жана чечүүнүн ийкемдүү жолдору чек ара маселелерине тиешелүү органдарга сунуш кылынды; Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугу түшүнүгүнүн маани-маңызы жана структурасы классификацияланды; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара коопсуздугун камсыз кылуунун негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү аныкталды; коомдогу, чектеш республикалар менен болгон мамиле-катыштагы, жалпы калк тынчтыгындагы жана ошондой эле өлкөнүн саясий-социалдык турмушундагы чек ара коопсуздугунун орду жана ролу негизделди ж.б.