Дарт атын коюуну, дифференциалдык дарт атын коюуну өркүндөтүү жана эрте ревматоиддик артритте В-лимфоциттердин спонтандык жана антигенспецификалык пролиферативдик активдүүлүгүн изилдөө негизинде дарылоо натыйжалуулугун көзөмөлдөө. Клиника-лабораториялык жана иммунологиялык изилдөөлөр комплексинин негизинде, эрте РА дарт аныктоо, дарылоо активдүүлүгүн жана натыйжалуулугун аныктоо боюнча сунуштар илимий жактан негизделген жана практикалык саламаттык сактоого киргизилген. Колдонуу чөйрөсү: терапия (ички оорулар), ревматология, иммунология, саламаттыкты сактоонун экинчи жана үчүнчү деңгээли.