Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдөгү жеңил өнөр жайынын ордун аныктоо жана азыркы экономикага интеграцияланган түзүмдөрдү өнүктүрүү жана иштетүү, алардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу механизмдери боюнча теориялык, усулдук жана практикалык сунуштардын комплексин иштеп чыгуу болуп саналат. Изилдөөнүн жыйынтыктарын илимий иштелмелерде, жеңил өнөр жай продукцияларын иштеп чыгууда жана сатууда, ишканаларда орто мөөнөттүк божомолдоо үчүн зарыл болгон ченемдик документтерди иштеп чыгууда жана билим берүү тармагында колдонулууга болот. Алынган жыйынтыктар жана сунуштар, ишканалардын инновациялык жана инвестициялык ишмердүүлүгүн натыйжалуу башкаруунун модели мамлекеттик органдар тарабынан стратегиялык программаларды иштеп чыгууда колдонулушу мүмкүн.