Кыргыздардын салттык баалуулуктары аркылуу ЖОЖ студенттеринин гендердик-ролдук маданиятын өнүктүрүүнүн моделин теориялык жактан негиздөө, натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү жана практикалык сунуштарды иштеп чыгуу. студенттердин гендердик-ролдук маданиятын өнүктүрүү боюнча теориялык көз караштардын эволюциясы, түптүү түшүнүктөрү дисциплиналар аралык алкакта ачылып көрсөтүлдү; кыргыздын салттык баалуулуктарына негизделген гендердик-ролдук маданияттын мазмуну, негизги мүнөздөмөлөрү айкындалды; ЖОЖдордо студенттердин кыргыздын салттык баалуулуктарына негизделген гендердик-ролдук маданиятын өнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары айкындалып алардын эффективдүүлүгү эксперимент аркылуу текшерилип практикалык сунуштар иштелип чыкты.