Изилдөөнүн максаты болуп тарыхый-генетикалык жана социалдык-маданий байланыштагы кыргыз жана корей тилдеринде лексикалык чордон катары кызмат кылган гидронимдерди конструктивдик жана семантикалык-типологиялык алкактарда салыштырып сыпаттоо саналды. Иштеги фактылар “Тил илимине киришүү”, “Тилдин теориясы”, “Салыштырма грамматика”, “Түркология”, “Лексикология” сыяктуу филологиялык факультеттерде өтүлүүчү сабактарды өтүүдө колдонулат. Ошондой эле бакалавриатта дипломдук иштерди, кийин магистрдик, кандидаттык диссертацияларды даярдоодо биздин материалдарды пайдаланууга болот. Буларды “Ареалдык лингвистика”, “Алтаистика” боюнча семинарларда, атайын курстарда колдонууга мүмкүн.