Англис жана кыргыз оозеки кептин дискурсундагы «жактыруу-мактоо жана жактырбоо-нааразычылык» категориясын туюнтуу ыкмаларынын функционалдык жана маданий-лингвистикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоо. Изилдөөнүн объектиси болуп жактыруу-мактоо жана жактырбоо-нараазычылык билдирүү үчүн кызмат кылган лексикалык жана грамматикалык каражаттар саналат.Оозеки кептин дискурсундагы жактыруу-мактоо жана жактырбоо-наараз¬ычылык кубулуштарынын чагылдыруу жолдору жана маданий семантикасы изилдөөнүн предмети болуп саналат.Семантикалык анализ, коннотациялык-семантикалык анализ, баалоочу-семантикалык анализ, сөздүк аныктамаларды талдоо ыкмасы, сандык эсептөө ыкмасы ж.б. Изилдөөнүн жыйынтыктары жана натыйжалары кеп ишмердүүлүгүнүн теориясы менен практикасында, функционалдык грамматиканын теориясында, ошондой эле салыштырма тил илиминде колдонулушу мүмкүн.