Изилдөөнүн предмети – “эркек/ man” концептинин лингвокогнитивдик жана лингвоэтномаданияттык негиздери жана анын түшүнүктүк, мотивациялык, образдык, символикалык, ассоциативдик белгилерин жана алардын которулуш ыкмаларын талдоо. Диссертациялык иште анализденип чыккан материалдар жана алынган натыйжалар кайсы бир этностун менталитетин чагылдыруучу концепттерди иликтөөдө жардам берет. Чыгарылган тыянактарды, жоболорду жана принциптерди когнитивдик лингвистика, этнолингвистика, салыштырма типология, котормо тармактар боюнча практикалык сабактарды өтүүдө, сөздүктөрдү түзүүдө жана окуу китептерди жазууда пайдаланууга болот.