1921-1922, 1927-1928-жылдардагы жер-суу реформасынын жүргүзүлүшүнө, натыйжаларына талдоо жүргүзүү. Изилдөөнүн методологиялык негизин илимий объективдүүлүк, тарыхыйлык, принциптер түздү. Илимий изилдөөнүн объектисине жараша тарыхый-салыштырмалуулук, тарыхый-генетикалык, хронологиялык методдор колдонулду. Диссертациянын материалдарында камтылган илимий жоболор, көз караштар жана илимий изилдөөнүн жыйынтыктары Кыргызстандын жана коңшулаш элдердин тарыхын окутууда колдонулушу мүмкүн.