Агроөнөр жай өндүрүшүн, айыл чарба азыктүлүк рыногун жана калкты азык-түлүк менен камсыз кылуунун өндүрүштүк инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүнүн базасында Кыргызстандын региондорунун азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу механизмин иштеп чыгуу. Диссертациянын жоболору жана корутундулары региондордун туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Кыргыз Республикасында жана анын региондорунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун конкреттүү механизмдери, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугуна жана көз карандысыздыгына мониторинг жана баа берүү боюнча сунуштар бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдары тарабынан мамлекеттик жана региондук экономикалык саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда колдонулушу мүмкүн.